SUPER.KG порталынын бул жолку коногу Интернет желесинде ямаха менен ырдаган, Орусияда Андрей Малаховдун “Песни от всей души” берүүсүнө барып келген Мираж Акбаевдин атасы Нурлан Акбаев болушту.
Алар Ош облусуна караштуу Ноокат Темир-Корук айылынан болушат. Атасы Нурлан Акбаев мектепте, бала-бакчада музыка мугалими болуп эмгектенет.
Атасынын айтымында, уулу Мираж учурда тойлордо ырдап, ар кандай берүүлөргө барып маек берип жүрөт. Ошондой эле ал баласынын белгилүү ырчы болуусуна бардык күч-аракетин жумшап жаткандыгын кошумчалады.
"Баламдын таланттуу болуп калганына байланыштуу биз учурда тойлордо, ар кандай чакырууларда кызмат кылып, берүүлөрдө маек берип, катышып жүрөбүз.
Мен да мектеп кезимден баштап ар кандай музыкалык аспаптарда ойнойт элем. Менин жаштыгымдагы белгилүү ырчы болом деген кыялым, максатым орундалбай калган. Баламдын таланты менден калса керек. Учурда баламды белгилүү, атактуу ырчы кылыш үчүн болгон күч-аракетимди балама жумшап жатам", - деди Нурлан Акбаев.
Ал эми Мираж Орусияда Андрей Малаховдун берүүсүнө кантип баргандыгы тууралуу айтып берди.
"Мен тойдо Юрий Шатуновдун "Белые розы" аттуу ырын ырдаган видеомду ютубга чыгарып койгон болчум. Ошол убакта Юрий Шатуновдун эскерүүсү болмокчу болуп, Андрей Малахов ошол видеону көрүп берүүсүнө чакырып калды.
Мага продюсер болгусу келгендер көп болду. Бирок өзүмдүн атам турганда кантип башканы продюсер кылайын", - деди Мираж.
Толугураак төмөнкү ссылка аркылуу кирип көрүңүз.