АКШнын Жашыруун кызматынын директору Кимберли Читл экс-президент Дональд Трампка кол салуу аракетин алдын ала албагандыгы үчүн кызматтан кетерин жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
"Мен коопсуздук бузулгандыгы боюнча жоопкерчиликти толук моюнума алам. Дональд Трампты жетиштүү коргой албагандыктан мен жетекчилик кызматтан кетүү тууралуу чечимимди кабыл алдым", - деп айткан Читл.
Эске салсак, Милуокиде Республикалык партиядан президенттикке талапкер Дональд Трампка куралдуу кол салуу болуп, 2 адам каза болгон.