Испаниянын соту 76 жаштагы пенсионерди Украина элчилигинин имаратын жардырууга аракет кылган деп 18 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, ал 2022-жылдын ноябрында элчиликтин имаратына жардыргыч заттар салынган алты конвертти жөнөткөн. Анын кесепетинен Украина элчилигинин бир кызматкери жеңил жаракат алган.
"Ал Испания менен АКШнын өкмөттөрү, Испаниядагы башка уюмдар Украинаны колдоосун токтотуу максатында ушундай аракетке барган", - деп айтылат маалыматтарда.
Жогорку сот аны терроризмге айыптап 10 жылга, ошондой эле жардыргыч заттарды террордук максатта жасаган, сактаган жана колдонгон деп 8 жылга эркинен ажыраткан.