Түндүк Корея кайрадан Түштүк Кореяга таштанды шарларын учурду

Сеул пропагандалык баракчаларды тараткандыктан Түндүк Корея кайрадан Түштүк Кореяга таштанды толтурулган шарларды учурду. Бул тууралуу Yonhap агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, түндүктөн учурулган таштанды шарлары бул ирет Коргоо министрлигинин жана Сеулдагы президенттин резиденциясынын аймагына түшкөн. Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёл таштандыга толтурулган шарларды “акылга сыйбаган провокация” деп атады.

Түштүк Кореянын армиясы буга чейин Пхеньян ушундай жол менен “уятсыз иш” кылып жатканын билдирген.

Түндүк Корея Ким Чен Ынга каршы пропагандалык кагаздарды таратканы үчүн май айынан бери Түштүк Кореяга жалпысынан 2000ден ашуун шар жөнөттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан