Кытайдын "Чанъэ-5" кемеси Айдагы суунун издерин тапты

Кытайдын "Чанъэ-5" кемеси (луноход) Айдагы суунун издерин тапты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Кытай илимпоздору 2020-жылы "Чанъэ-5" миссиясынын алкагында Жерге алып келинген Айдын топурагынын үлгүлөрүнөн суунун издерин табышты.

Айда суунун бар экендиги 1960 жана 1970-жылдары чогултулган үлгүлөрдү талдоо аркылуу тастыкталган. Ал эми "Чанъэ-5теги" үлгүлөр Айдын бир кыйла жогорку кеңдигинен чогултулуп, суунун кандайча бар экендиги жөнүндө жаңы түшүнүктөрдү бергени айтылат.

"Кытайлык изилдөөчүлөр суунун молекулалары Айдын жарыктанган аймактарында гидраттуу туздар түрүндө сакталып калышы мүмкүн деген тыянакка келишти.

Бул ачылыш Айдын келечектеги миссиялары үчүн маанилүү мааниге ээ, анткени суу Ай базасын түзүү үчүн негизги ресурстардын бири болуп саналат", - деп жазылат анда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан