Бангладеште мамлекеттик жумушка орношуу үчүн квота системасына каршы масштабдуу нааразылык акциялары уланууда. Жергиликтүү маалымат каражаттары кагылышууда кеминде 187 киши каза болгонун кабарлашты.
Полиция желим ок гана колдонулганын айтса, ооруканалардан каза болгондордун көбүнүн башына ок тийгени тууралуу кабарлар түшүүдө.
Өкмөт башаламандыктарды басуу үчүн катаал чараларды көрдү: коменданттык саат бейшембиге чейин узартылды, бүткүл өлкө боюнча интернет бөгөттөлдү, шаар көчөлөрүндө аскер патрулдары жайгаштырылды.
1-июлдан бери нааразылык акциясына чыккан студенттер 1971-жылы Бангладештеги Эгемендик согушуна катышкан ардагерлердин үй-бүлө мүчөлөрүнө мамлекеттик жумуш орундарынын 30 пайызы бөлүнгөн квота системасына каршы болууда. Андан соң өлкөнүн Жогорку соту квотаны 7 пайызга чейин кыскартуу чечимин чыгарган, бирок бул демонстрацияларды токтоткон жок.
Премьер-министр Шейх Хасина чектөө чаралары кырдаал оңолмоюнча улана турганын айтты. Бизнес өкүлдөрү интернеттин жабылышын “бизнес үчүн өлүмгө алып баруучу” деп атап, санариптик кызматтарды калыбына келтирүүнү талап кылышты.
Көбүнчө оппозициялык партиялардын мүчөлөрү болгон эки миңден ашуун адам камакка алынды.