Байден президенттик жарыштан кеткенден кийин биринчи жолу эл алдына чыкты (видео)

АКШнын президенти Жо Байден жаңы мөөнөткө шайлоодон баш тартканын жарыялагандан кийин биринчи жолу эл алдына чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалымдалгандай, анын дарыгери Кевин О'Коннор президент дарыланган соң, коронавирусту аныктоого тест тапшырып, ал терс жыйынтыгын бергендигин билдирген. Бирок дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүндө турат деп кошумчалаган.

Буга байланыштуу Ак үйдүн басма сөз кызматы Жо Байден Делавэр штатында обочолонуп дарыланган жеринен кайра ишке кайткандыгын кабарлаган. Жергиликтүү каналдар АКШнын азыркы президенти учакка отурган учурун тартып алышкан.

Белгилей кетсек, ал Лас-Вегастагы иш-чарада COVID-19 илдетин жуктуруп алгандыгы белгилүү болгон.

Жо Байден шайлоодон баш тарткандан кийин биринчи жолу эл алдына чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан