Бүгүн, 24-июлда өлкө башчы Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Жапаров Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктап, бекем ден соолук жана мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди каалады.
Ошондой эле мамлекет башчылары кыргыз-өзбек эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, өлкөлөр ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүү жана кеңейтүү боюнча биргелешкен аракеттерди талкуулашты.
Бул контекстте тараптар президент Жапаровдун жакында Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапары мамилелерди мындан ары чыңдоого жаңы дем берерин белгилешти.