Жогорку Кеңештин депутаттары азыркы тапта жайкы каникулда жүргөн чагы. 27-июнда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын үчүнчү сессиясы расмий түрдө жабык деп жарыяланып, эл өкүлдөрү жайкы эс алууга тараган.
Алар жумушка 1-сентябрда келишет. Ага чейин шайлоочулар менен жолугушат жана эс алышат. Депутаттар каникулда эмне менен алек жана кайда эс алып жатканына кызыгып көрдүк.
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жекшемби күнү Ала-Арча капчыгайында эс алып келишти.
"Жайдын аптабында Ала-Арча капчыгайын аралап... Бийик тоолор, асман тиреген карагайлар, шаркырап аккан суу өзгөчө керемет. Мындай жаратылыш, мындай табият дүйнөдө жок", - деп жазды Шакиев.
Парламенттеги "Ынтымак" фракциясынын лидери Марлен Маматалиев SUPER.KG порталына үй-бүлөсү менен кичи мекени Алайда эс алып жүргөнүн билдирди.
Эл өкүлү эс алуу менен жумушту да айкалыштырып Алай районунда эл менен жолугушуп жатканын белгиледи. Ал аймактагы социалдык-экономикалык көйгөйлөр менен жеринде таанышканын кошумчалады.
"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Исхак Масалиев небереси менен алча терип жүргөн сүрөттөрүн бөлүшүп, быйыл алгачкы ирет мөмө бергенин айткан.
"7 жылдык дарактар. Быйыл биринчи жолу гилас мөмө берди. Бир ой келди, кийинки жылы КамАЗ менен Кадамжайга жөнөтсөмбү, ал жерде кымбат экен", - деп жазган ал.