Непалдын борбору Катмандудагы Трибхуван эл аралык аэропортунда Saurya Airlines авиакомпаниясынын учагы учуп баратканда кулады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлашты.
Маалымдалгандай, Покхара шаарына учуп бараткан учакта 19 адам, анын ичинде экипаж мүчөлөрү болгон. Кырсык жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:00дө болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, кырсык болгон жерден беш адамдын сөөгү табылган.
“Кырсык учак учуп-конуу тилкесинен чыгып кеткенден кийин катталган. Кырсык болгон жерде полиция жана өрт өчүрүүчүлөр куткаруу иштерин жүргүзүүдө. Окуянын башка чоо-жайы айтылган жок”, - деп белгиленген маалыматта.