Словакияда 40тан ашык аюу атып өлтүрүлдү

Аюулардын адамдарга бир катар кол салууларынан кийин парламент аларга карата ок атуу эрежелерин жөнөкөйлөштүргөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалым болгондой, Словакияда жыл башынан бери 40тан ашык аюу атылды.

Жырткычтардын кол салууларына байланыштуу бир катар окуялардан кийин парламент май айында аюуларды атуу боюнча жөнөкөйлөштүрүлгөн эрежелерди бекиткен. Эми адамдын өмүрүнө же мүлкүнө коркунуч жаралган учурда мергенчилер аймактык бийлик өкүлдөрүнүн кайрылуусунан кийин дароо кийлигише алышат.

Бирок кол салуулар болгон корголуучу аймактарда жаныбарларды атууга дагы эле тыюу салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан