Филиппиндин борбору Манилада өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бул тууралуу чет элдик басыламалар жазышууда.
"Бүгүн, 24-июлда Манила шаардык кеңеши Филиппиндин баш калаасынын ар кайсы аймактарында "Гаеми" тайфунунан улам жааган жамгыр суу ташкындарын алып келгендиктен, борбордо өзгөчө кырдаал жарыяланды", - деп билдирди Синьхуа.
Кытай маалымат каражаттары маалымдагандай, кеңири жайылган суу ташкыны өкмөттү Манила булуңунан жана дарыя жээгиндеги аймактардан элди коопсуз жайга эвакуациялоого, мектептер менен кеңселерди жабууга мажбурлады.
DW агенттигинин маалыматына караганда, тайфун 16 адамдын өмүрүн алды.
Филиппиндин ар кайсы аймактарындагы 770 миңге жакын жабырлануучу өкмөттөн каржылык жардам алат.