Президент Садыр Жапаров "№ 13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 24-июлда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, № 13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу, Конституциянын 70-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктун, “Президенттин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Конституциялык мыйзамдын 59, 65-беренелери жетекчиликке алынып, токтом кылынат:
1. № 13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2024-жылдын 22-сентябрына, жекшембиге дайындалсын.
2. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы мыйзамдарга ылайык шайлоону өткөрүүнү уюштурсун.
3. Министрлер кабинети:
– шайлоону өткөрүү үчүн зарыл болгон финансылык каражаттарды Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын чыгымдар сметасына ылайык бөлсүн;
– шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо боюнча чараларды көрсүн;
– Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринин негизинде шайлоочулардын так тизмелерин түзүү үчүн анын маалыматтарын тактоо боюнча чараларды көрсүн;
– шайлоо процессинде колдонулуучу маалыматтык электрондук системалардын киберкоопсуздугун, электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу маалыматтарды алмашууну, мыйзамдарда аныкталган маалыматтарды берүү процесстерин жүргүзүү үчүн үзгүлтүксүз жана коопсуз байланыш каналдары менен камсыз кылууда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына көмөк көрсөтсүн;
– добуш берүү жана шайлоочуларды идентификациялоо үчүн жабдуулардын коопсуз сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн;
– Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүүнү жөнгө салуучу мыйзамдардан келип чыгуучу башка иш-чараларды белгиленген тартипте ишке ашырууну камсыз кылсын.
4. Башкы прокуратурасы шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө Конституциянын жана мыйзамдардын сакталышын камсыз кылсын.
5. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын ишине көмөк көрсөтсүн.