Бишкекте салттуу маданият жана кол өнөрчүлүк боюнча “Оймо-2024” аттуу XVIII фестивалы башталды

Бүгүн, 24-июлда салттуу маданият жана кол өнөрчүлүк боюнча Эл аралык "Оймо" аттуу фестивалынын ачылыш аземи болду. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, фестивалдын алкагында кол өнөрчүлүк жарманкеси, мастер-класстар, көргөзмөлөр, этно-фэшн-шоулар, эко-акциялар, конференциялар, тегерек столдор, концерттик программалар, Кыргызстандын атактуу сүрөтчүлөрүнүн эмгектеринин көргөзмөлөрү өтөт.

"Бул жылы аталган иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Россия, Иран, Индия, Монголия, Венгрия, Мексика, АКШ, Малайзия, Таиланд, Норвегия, Швеция, Кувейттен келген өнөрпоздор катышууда", - деп айтылат маалыматта.

Ага ылайык, "Салттуу маданиятты чагылдырган мыкты инновациялык туристтик продукт" улуттук сынагы жана "Мыкты мастер" жана "Мыкты насаатчы" эл аралык сынактары өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, “Оймо” – Кыргызстанда 2006-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан эл аралык маданий фестиваль болуп саналат. Салт боюнча июль айынын аягында Бишкекте жарманке менен ачылып, Ысык-Көлдүн жээгинде уланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан