Нурсултан Назарбаев дагы бир макамынан ажыратылды

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев Казакстандын Илимдер академиясынын академиги деген статусунан ажырады. Бул тууралуу илим жана жогорку билим берүү министри Саясат Нурбек брифингде билдирди.

Илим жана жогорку билим берүү министри академик макамын ыйгаруу жаатындагы өзгөрүүлөр тууралуу айтты.

Анын айтымында, азыр Казакстандын Илимдер академиясында жаңылануу болду.

"Бизде азыр РКБ (Республикалык коомдук бирикме) бар, былтыр президенттин чечими менен жаңы Илимдер академиясы түзүлгөн. Бирок ал президентке карап. Мамлекет тарабынан каржыланат", - бул тууралуу министр онлайн брифинг учурунда билдирди.

Аткаминер айткандай, көптөгөн академиктердин макамы жокко чыгарылды.

Ошондой эле ал алардын ичинде мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин да академик макамы жокко чыгарылганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан