Москвада 24-декабрда өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин отурумунда КРнын биринчи вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев “Кыргызстан Бажы биримдигине кирерден мурун парламент менен коомчулукка көрсөтө ала турган “жол картасын” түзүшү керек деп жатабыз. Биз алардын реакциясына жараша кандай кадамдарга барарыбызды аныктай алабыз” деп билдирди.
“Биздин өлкө стратегиялык өнөктөштөр жана интеграциялык биримдик үчүн. Бул тарых, экономика жана саясат. Мындай биримдиктер өзүнүн эффективдүүлүгүн көрсөтүп жаткандыгын билебиз. Өнөктөш мамлекеттер менен чек араны ачуу, бажы режимдеринин жакшыруусу Кыргызстандын экономикасына оң таасирин тийгизет. Бирок аталган кадамдын тобокелчиликтерин түшүшүбүз керек”,- деди Оторбаев.
Ошондой эле Бажы биримдигине (ББ) кирерде ар бир кадамды тактап алуу керектигин кошумчалады. “Бул багытта олуттуу кадам таштап жаткандыктан, бир катар шарттарды аткаруу зарылдыгын айтып жатабыз. Алар менен катар сырткы чек араларын аныктоо жана Кыргызстандагы ири базарларда иштеген жарандардын иш алып баруу маселесин карап чыгышыбыз керек”,- деп кошумчалады Жоомарт Оторбаев.