Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 25-июлда Франциянын президенти Эммануэль Макрондун чакыруусу менен XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземине катышуу үчүн Парижге жөнөп кетти.
Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, сапардын алкагында Садыр Жапаровдун “Туруктуу өнүгүү үчүн спорт. Тезирээк, бийигирээк, күчтүүрөөк - жакшы келечек үчүн бирге” аталышындагы Париж саммитине катышуусу да пландалган.
"Бул иш-чаранын жүрүшүндө мамлекет башчысы Кыргызстандын балдардын ден соолугуна жана билимине, спортчулардын келечегине жана кийинки муундарына берилгендигин ырастайт", - деп айтылат маалыматта.