Өлкө башчы Садыр Жапаров "Аталар күнүн жана Энелер күнүн белгилөө жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда президенттин басма сөз кызматынан билдирди.
Мыйзам 26-июнда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Ага ылайык, өлкөдө жыл сайын 15-март Аталар күнү катары белгиленет, бирок дем алыш күн болуп саналбайт.
Ал эми Энелер күнү мурдагыдай эле майдын үчүнчү жекшембисинде белгиленет.
.