Ош шаарында 2013-жылы өспүрүмдөр катышкан 63 кылмыш иши катталган

Бүгүн, 25-декабрда Ош шаардык кеңештин отурумунда түштүк калаанын ИИБинин башчысы Кылычбек Жолдошев баяндамасы менен чыкты. Анын берген маалыматы боюнча 2012-жылы Ош шаарында жаш өспүрүмдөр катышкан 66 кылмыш иши катталса, 2013-жылы бул көрсөткүч 63тү түзгөн. 

Сөз алган Кылычбек Жолдошев депутаттардан ата-энелери чет жактарга жумуш издеп кетип кароосуз көчөдө калган балдар үчүн баш калкалоочу жай ачып берүү маселесин чечип берүүсүн өтүндү. Жыл башынан бери көчөдө калган 13 кароосуз калган балдар өздөрүнүн өмүрүнө кыянат кылышканын кошумчалады.

Депутаттар аталган маселени 2014-жылдын бюджетине киргизүүгө убада беришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан