Өзбекстандын борбору Ташкентте аял кишинини кийимин кийип, шаар ичин айланып жүргөн эркек кишиге сот тарабынан чечим чыгып, 7 күнгө камалды. Бул туурасында өзбек басылмалары жазып чыгышты.
Маалымдалгандай, 23-июлда Бектемир кичи районунда хиджаб кийип, бет кап тагынып алган эркек киши кармалган. Ал Фергана облусунун тургуну экендиги аныкталып, райондук милицияга жеткирилген.
Бул факт боюнча ага эки берене менен иш козголуп, сот тарабынан 3,4 миллион сумга, башкача айтканда 270 долларга айыпка жыгылган. Ошондой эле 7 күнгө камакка алынган.