Филиппинде Манила булуңуна 1,4 миллион литр мазут ташыган танкер оодарылып, чөгүп кеткенин чет элдик басылмалар жазууда.
Бийлик 17 экипаж мүчөсүнүн 16сы куткарылганын, 1 экипаж мүчөсү дайынсыз болуп жатканын маалымдаган. Ошондой эле булуңга төгүлгөн мазутту тазалоо чаралары жүрүп жатканын белгилеген.
Азырынча кеменин чөгүшүнүн так себептери белгисиз. Ал эми төгүлгөн мазут чыгыш жана түндүк-чыгыш тарапка жылып жатат деген маалыматтар бар.