8-13-сентябрь күндөрү Казакстандын борбор шаары Астанада бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. Иш-чарага 89 өлкөдөн эки миңден ашык катышуучу катышат. Бул туурасында казак басылмалары борбор акимчиликтин расмий сайтына көрсөтмө берүү аркылуу жазышууда.
Маалымдалгандай, оюндар үч багытты камтыйт - спорт, маданият жана илим.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 6 объектте болот. Алар «Астана Арена» стадиону, «Казанат» ипподрому, Ж.Ушкемпирова атындагы күрөш сарайы, «Алау» муз сарайы, «Qazaqstan» атлетика спорт комплекси, «Думан» комплекси.
«Казанат» ипподромунда жана этно айылында ат чабыш, салттуу жаа атуу жана канаттууларга аңчылыктын улуттук түрлөрү боюнча мелдештер, ошондой эле ат жарыштары өтөт. Күрөш жана «Алау» муз сарайында күрөштүн улуттук түрлөрү боюнча мелдештер, «Думан» комплексинде салттуу интеллектуалдык оюндар өткөрүлөт. Көчмөндөр оюндарына аккредитациялоо жана жабдуулар борборлору Казакстандын жеңил атлетика спорт комплексинде жайгашат.
Оюндардын илимий иш-чаралары Казакстандын улуттук музейинде өтөт.
Маданий программаны ишке ашыруунун негизги аянтчасы түштүк-батыш тарабында Казанат ипподромуна жанаша 10 гектар аянтта жайгашкан «Көчмөндөр ааламы» этно айылында өтөт. Мындан тышкары Астанадагы бардык эс алуучу жайларда, театрларда, концерттик залдарда көргөзмөлөр, маданий иш-чаралар уюштурулат.
Программага спорттун 21 түрү боюнча мелдештер киргизилген. Оюндарда 100дөй комплект медаль ойнотулат.