Владимир Путин Сириянын президенти Башар Асад менен Москвада жолугушту. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.
Кесиптеши менен саламдашып жатып, Орусиянын башчысы аймактагы кырдаал кандай өнүгүп жатканын угууга кызыкдар экенин белгиледи.
"Тилекке каршы, ал начарлап баратат, биз аны көрүп жатабыз. Бул түздөн-түз Сирияга да тиешелүү", - деди Путин.
Ал ошондой эле өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык мамилелерге токтолду. Мамлекет башчынын айтымында, "перспективдүү багыттар бар".
Өз кезегинде Башар Асад Москвага болгон иш сапары өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнүн 80 жылдыгына туш келгенин белгиледи.
Акыркы жолу Асад Орусияга 2023-жылдын март айында келген.