Ысык-Көл облусунда Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-түркмөн комиссиясынын 6-жыйыны тар жана кеңейтилген курамда болуп өттү.
Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, алгач министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев менен Түркмөнстандын Энергетика министри, делегация башчысы Аннагелди Сапаровдун тар курамдагы жолугушуусу болуп, анда күн тартибине кирген кыргыз-түркмөн мамилелери талкууланды.
Андан соң комиссиянын отуруму кеңейтилген курамда уланды. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы соода жүгүртүү акыркы төрт жылда 7 эсеге жогорулаганын белгилешип, аны мындан ары дагы жогорулатууга токтолушту, маселен 2023-жылы эки өлкө ортосундагы соода алака 64 миллион долларды түзгөн.
Төрөбаев эки өлкөнүн мамлекеттик органдары биргелешкен иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн шарттарды түзүү жана ишкер чөйрөлөргө максималдуу колдоо көрсөтүү боюнча практикалык чараларды көрүү зарылдыгын белгиледи.
"Түркмөнстандын аймагы аркылуу эл аралык жүк ташуулары үчүн Кыргызстандын жүк ташуучуларына колдонулуучу төлөмдөр боюнча жеңилдетилген тарифтерди берүү, ошондой эле кыргызстандык айдоочуларга карата визалык саясатты жөнөкөйлөтүү соода алмашууну кеңейтүүгө олуттуу көмөктөшмөк”, - деди ал.
Тараптар ошондой эле Кыргызстан менен Түркмөнстандын географиялык жайгашуусунан улам транспорт жана логистикалык сектордо олуттуу потенциалга ээ экенин белгилешти. Бул багытта маселен, Кытайдан Кыргызстан жана Өзбекстан аркылуу, андан ары Түркмөнстанда транспорт коридорун ишке киргизүү менен “Түркмөнбашы” деңиз портунун мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, Каспий деңизине, андан ары Орусияга чыгуу эки өлкө үчүн чоң экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү ачарын кошумчалашты.
Мындан тышкары тараптар эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүн бириктирүүнүн, ошондой эле биргелешкен ишканаларды түзүүнү стимулдаштыруунун механизмдеринин бири катары Кыргыз-Түркмөн өнүктүрүү фондун түзүү боюнча иштерди улантууну зарылдыгын белгилешти.
Бакыт Төрөбаев Кыргызстанда экономиканын негизги тармактарынын бири жеңил өнөр жай экенин белгилеп, биргелешкен долбоорлорду аныктоо боюнча мындан аркы чараларды көрүү зарылдыгын кошумчалады.
Отурумдун жүрүшүндө тараптар Ысык-Көл облусунда Түркмөнстандын курорттук эс алуу жайын куруу боюнча макулдашуунун алкагындагы ишти алдыга жылдыруу, гидроэнергетикалык, саламаттык сактоо, билим берүү, маданий тармактарындагы долбоорлорду ишке ашыруу жана башка буга чейин жетишилген келишимдердин айланасындагы маселелер тууралуу сүйлөштү.
Өз кезегинде Аннагелди Сапаров кыргыз-түркмөн мамилелери келечекте прогрессивдүү жана жемиштүү өнүгүүгө ээ болоруна ишенерин билдирди.
Ошондой эле энергетика, транспорт, соода-экономикалык жана туризм тармактарында кызматташуу боюнча эки тараптын тиешелүү мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин баяндамалары угулду.
Өкмөттөр аралык кыргыз-түркмөн комиссиянын 6-отурумунун соңунда жыйынтыктоочу протоколго коюлду, ошондой эле 2025-жылы Түркмөнстандан Кыргызстанга электр энергиясын импорттоо боюнча кол коюлган документтерди алмашуу аземи болду.