Атактуу футболчу Лионель Месси Аргентина Олимпиада оюндарында Мароккого утулуп калганына реакция жасаганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Ал беттештен кийин өзүнүн Instagram баракчасына испанча "Insólito" же "укмуштуудай" деген бир гана билдирүү калтырган.
Эске салсак, кечээ, 24-июлдагы тайпалык баскыч оюндарында аргентиналыктар менен марокколуктардын беттеши жаңжал менен аяктаган. Анда Марокконун күйөрмандары Түштүк Америкалык футболчулар эсепти теңегенден кийин оюн талаасына чуркап чыгып башаламандык жараткан. Мындан улам беттеш токтотулуп, аргентиналыктардын экинчи голу офсайд деген жүйө менен жокко чыгарылган.
Белгилей кетсек, XXXIII Жайкы Олимпиада оюндары Францияда өтүп жатат. Расмий ачылышы эртең болот.