Москвада наристени энесинин колунан жула качкан эркек киши кармалды (видео)

Орусиянын борбору Москвада эркек киши кичинекей наристени өз энеси көтөрүп жүргөндө колунан жулуп алып, качып кетүүгө аракет кылган. Бул туурасында орус басылмалары Тергөө комитетине көрсөтмө берүү аркылуу жазышууда.

Маалымдалгандай, жолдон өтүп бара жаткандар алып качкан жарандын артынан кууп жетишкенде, ал баланы жерге ыргытып жиберген. Учурда наристе жаракат алгандыгы айтылды.

Бул факт боюнча адам уурдоо беренеси менен иш козголуп, шектүү кармалган. Орусиянын укук коргоо органдары шектүү баңгизаттын таасиринде бул кылмышка барган деген божомолун билдирген.

Москвада наристени энесинин колуна жула качкан эркек киши кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан