АКШнын космос агенттиги NASA Чандра телескобу тарабынан тартылган сүрөттөрдүн айрымдарын ачыкка чыгарганын чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Аталган космостук телескоп 25 жылдан бери космосто сүрөттөрдү тартып келет жана бул убакыттын ичинде 25 миң байкоо жүргүзгөнгө жетишкен. Бул аралык ичинде ал орбитадагы жаңы деталдарды ачып бере алган. Дал ушул космостук рентген обсерваториясынын жардамы менен астрономдор космосто өтө көп сандагы кара тешиктер бар экенин дагы аныктай алышкан.
Чандра рентген обсерваториясы 1999-жылы "Колумбия" космос кемесинин жардамы менен орбитага учурулган. Телскоп жылдыздар менен галактикалар чыгарган рентген нурланууларын изилдөө үчүн иштелип чыккан. Атактуу физик Субрахманьян Чандрасекардын ысымынан аталган телескоп космоско учурулган төрт чоң обсерваториялардын бири.