Камала Харрис Дональд Трамп менен дебатка чыгууга даяр экенин айтты

АКШнын вице-президенти Камала Харрис президенттик шайлоого аттанып жаткан Дональд Трамп менен дебатка чыгууга даяр экенин айтты. Бул тууралуу ал Х социалдык баракчасына жазып чыкты.

"Трамп буга чейин 10-сентябрдагы дебатка макул болгон. Эми артка чегинип жатат окшойт. Бирок мен дебатка чыгууга даярмын", - деп жазган ал.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары Трамп менен президент Жо Байдендин экинчи дебаты 10-сентябрда өтүшү мүмкүн экендигин жазышкан. Демократтар президенттикке талапкерин өзгөртүшкөндөн кийин Трамптын командасы ABC каналындагы дебатка азырынча катыша албастыгын билдирген. Ал эми республикачыларга жакын делген Fox News каналы 17-сентябрда өздөрүнүн аянтчасында дебат өткөрүүнү сунуштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан