Француз темир жолдорунун улуттук компаниясы (SNCF) 25-июлдан 26-июлга караган түнү "массалык чабуулга" дуушар болгонун билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Компаниянын билдиришинче, өрттүн айынан ылдам жүрүүчү поезд тармагына жарым-жартылай зыян келтирген.
"Өрт башталып, биздин объектилерге зыян келтирилди. Натыйжада Атлантика, Түндүк жана Чыгыш линияларынын ылдам жүрүүчү поезддери катуу үзгүлтүккө учурады, Түштүк-Чыгыш жабыр тарткан жок. Биз кээ бир поезддердин багытын башка линияларга которуп жатабыз, бирок көп поезддерди каттамдан алууга туура келет", - деп билдирген Француз темир жолдорунун улуттук компаниясы.
Париждеги Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи бүгүн, 26-июлда Бишкек убактысы боюнча саат 23:30да башталат. Ачылыш аземде нөшөрлөгөн жамгыр жаашы күтүлүүдө.