Ирландиялык аралаш мушташ өнөрүнүн жылдызы Конор Макгрегор UFC легендасы Хабиб Нурмагомедовго кайрылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Буга чейин Хабиб Нурмагомедовдун мүлкү салыктык сот аткаруучулар тарабынан миллиондогон доллар карызы үчүн конфискацияланышы мүмкүн деген маалымат чыккан. Макгрегор Хабибдин үйү үчүн тендерге катышууга даяр экенин билдирди.
"Сенин мүмкүнчүлүгүң жок болгондуктан, мен сенин үй-бүлөңдүн үйүн өкмөттөн сатып алуу үчүн акча салдым. Мен сенин үйүңдү сатып алуу үчүн көп суммадагы акча берем. Сен үй-бүлөңдү таштап кеттиң, эми мен сенин үйүңдү талкалайм", - деп кайрылган Макгрегор.