Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өзүнүн Х социалдык түйүнүндө Беньямин Нетаньяхунун сүйлөгөнүнө АКШ конгрессинин жасаган реакциясын сындады.
"Кечээ кечинде Нетаньяхунун сүйлөгөнүн түз ободон көрдүм. Менин кыжырымды келтиргени анын айткан сөздөрү эмес, анын ар бир сөзү үчүн АКШнын конгрессиндеги дүркүрөгөн кол чабуулар болду. Бул көрүнүш абдан тынчсыздандырат. Бул бүткүл дүйнөнүн АКШнын саясатына болгон көз карашын өзгөртө албайт", - деп жазган ал.