Садыр Жапаров Кыргызстандын Франциядагы элчилигинин жаңы имаратына барды

Өлкө башчы Садыр Жапаров Париж шаарына болгон иш сапарынын алкагында Кыргызстандын Франциядагы элчилигинин имаратын көрүп чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Ага ылайык, Кыргызстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Садык Шер-Нияз мамлекет башчысына мурда дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлери ижарага алынган 53 чарчы метрлик имарат ичинде иштөөгө мажбур болушканын маалымдаган.

Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ушул жылдын январь айында элчилик мамлекеттин менчигине алынган жаңы имаратка көчүп баргандыгы айтылды.

Жапаров чет өлкөдөгү мекемелердин кызматкерлери жана башчылары үчүн зарыл шарттарды түзүүнүн, анын ичинде турак жай менен камсыздоонун маанилүүлүгүн эскерте кетти.

Ошондой эле өлкөнүн эгемендик жылдарында чет өлкөдөгү мүлктү ижарага алууда кеткен суммага өз имараттарын сатып алса болорун белгиледи.

"Бул контекстте президент анын тапшырмасына ылайык Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тарабынан Венгриядан имарат сатылып алынганын, Швейцария, Австриядан жана Новосибирск шаарынан кыймылсыз мүлк сатып алуу иштери жүрүп жатканын билдирди. Нью-Йоркто жана Берлин шаарында дипломатиялык миссиялардын кызматкерлери үчүн кызматтык батирлер сатылып алынат.

Ал жакка барганында Садыр Жапаров имаратты көрүп чыгып, ардактуу меймандар китебине жакшы каалоо-тилектерин эстеликке жазуу түрүндө калтырды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан