"Головоломка 2" эң көп киреше тапкан мультфильмдердин катарына кирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, аталган мультфильм дүйнө жүзү боюнча 1 миллиард 462 миллион доллар киреше тапкан.
Аталган мультфильм буга чейин эң көп киреше тапкан "Холодное сердце 2" (1,45 миллиард доллар) мультфильминен ашып өттү.
"Бул анимациялык тасма эң көп кирешелүү мультфильмдердин ичинен 13-орунга чыгып, "Барбиден" да озуп кетти. 19 күндүн ичинде "Головоломка 2" 1 миллиард долларга ээ болгон", - деп жазылат анда.
Ал эми Pixar студиясы социалдык тармактагы баракчасына көрөрмандарга куттуктоо кагазын бөлүшүү менен ыраазычылык билдирген.
"Головоломка 2" – 11 жаштагы Райли жана анын эмоциялары тууралуу аңгемесинин уландысы. Режиссёру Келси Манн. Мультфильмдин экинчи бөлүгүн жаратууга 200 миллион доллар сарпталган.