Жапониянын Яизу шаарында Кыргызcтандын консулдугу салтанаттуу ачылды

Жапониянын Тюбу аймагынын Айти, Фукуи, Гифу, Ишикава, Нагано, Шизуока, Тояма, Яманаси, Ниигата префектураларын камтыган Яизу шаарында Кыргызстандын консулдугунун салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлда Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, Консулдукту Мичинори Йотсухаши жетектеди.

Иш-чаранын жүрүшүндө элчи Эркинбек Осоев Консулдуктун эки өлкө ортосундагы дипломатиялык байланыштарды чыңдоо, экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле түп аймагында жашаган мекендештерге ар тараптуу колдоо көрсөтүү үчүн жасаган иштеринин өзгөчө маанисин белгиледи.

Ага ылайык, консул Мичинори Йотсухащи көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын жарандарынын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгын жана Кыргызстан менен Жапониянын ортосундагы экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүгө толук көмөк көрсөтөрүн баса белгиледи.

Иш-чаранын алкагында элчи Осоев менен консул Йотсухащи Яизу шаарынын мэри Хиромичи Накано менен жолугушту.

"Жолугушуунун жүрүшүндө элчи Осоев билим берүү жана илим, инновация жана туризм жаатындагы өнөктөштүктү тереңдетүүгө, ишкердик, маданий байланыштарды чыңдоого жана экономикалык дипломатияны өнүктүрүүгө болгон умтулууларын белгиледи", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми Яизу шаарынын мэри Хиромичи Нагано адам ресурстары жана жалпысынан эки тараптуу мамилелер жаатында өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү үчүн тыгыз кызматташууга жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендигин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан