Челябинскте дамба жарылып, жашоочулар эвакувцияланды 

Челябинск облусундагы суу сактагычтагы дамбанын бузулушуна байланыштуу Киалим айылы толугу менен эвакуацияланды. Бул тууралуу "112" Телеграм каналы билдирди.

112 билдиргендей, жаандан улам бетон тосмонун 100 метр бөлүгүн сел алып кетип, суу эл жашаган аймактарды көздөй аккан.

Киалимдин 30 тургуну Карабашка жеткирилген. Ал жерде мектептерде 500 орундуу убактылуу жайгаштыруу борборлору түзүлгөн. Миасс-Карабаш-Кыштым унаа жолунда полициянын посттору орнотулуп, айдоочулар суу каптаган жерден артка кайтарылып жатат.

Байдашево, Карасево жана Мухометово айылдарына коркунуч жаралууда. Аймакта өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан