Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Чыныбай Турсунбековдун кызы Айдай эч жакка кетпөө тилкатынын негизинде абактан чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлда SUPER.KG порталына Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдирди.
Маалыматка ылайык, анын бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин тергөөчүлөрү өтүнүч келтирген.
Белгилей кетсек, Чыныбай Турсунбековдун эки кызы Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо) боюнча кармалган. Айдай Турсунбекова 24-августка чейин камакка алынса, ал эми дагы бир кызы 24-августка чейин үй камагына алынган.