Президент Садыр Жапаровдун 25-27-июль күндөрү Францияга болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, сапардын биринчи күнүндө мамлекет башчысы “Туруктуу өнүгүү үчүн спорт. Тезирээк, бийигирээк, күчтүүрөөк - жакшы келечек үчүн бирге” аталышындагы саммиттин ишине катышты.
Саммит спорттун туруктуу өнүгүүнүн маанилүү кыймылдаткычы деген ишенимдин негизинде күч-аракеттерди мобилизациялоону максат кылат жана мураска, таасирге жана туруктуулукка басым жасоо менен спорттук иш-чаралардын жаңы жолун орнотууга багытталган.
Иш сапардын экинчи күнүндө Садыр Жапаров Кыргызстандын Франциядагы элчилигинин жаңы имаратына барды.
Президенттин тапшырмасы менен үстүбүздөгү жылдын январь айында элчилик мамлекеттин менчигине алынган жаңы имаратка көчүп барган. 320 чарчы метр аянтты ээлеген дипломатиялык миссиянын жаңы орду Париждин 16-округунда жайгашкан.
Мамлекет башчысы чет өлкөдөгү мекемелердин кызматкерлери жана башчылары үчүн зарыл шарттарды түзүүнүн, анын ичинде турак-жай менен камсыздоонун маанилүүлүгүн эскерте кетти.
Андан соң мамлекет башчысы Париж шаарында XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземине катышты.
Мамлекет башчысын жана биринчи айым Айгүл Жапарованы Елисей сарайында Франциянын президенти Эмманюэль Макрон менен биринчи айым Брижит Макрон тосуп алды.
Иш-чаранын кульминациясы - Олимпиада отунун жанышы болду.
Улуттук курама командада 16 спортчу бар, алар спорттун беш түрүндө – күрөш, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика жана бокс боюнча катышат.
Садыр Жапаров 27-июлда Бишкек шаарына кайтып келди.