Бүгүн, 25-декабрдагы журналисттер менен болгон жолугушуусунда депутат Каныбек Иманалиев “Чек арадагы райондор боюнча маселелерди кароодо башка мамлекеттердин кызыкчылыгы эске алынып, жабык режимде өтөт” деп билдирди. Анын айтымында, 2012-жылга чейин чек арадагы чыр-чатакты чечүү үчүн бирдиктүү систем болгон эмес.
“Мамлекеттик саясат жүргүзүү максатында биз 2012-жылы өлкөдөгү чек ара аймагындагы инфраструктура жана кызматкерлердин жоопкерчилиги тууралуу мыйзам долбоор иштеп чыкканбыз. 2013-жылдан баштап колдоо көрсөтүү үчүн каражат бөлүнө баштаган. Анын 70 пайызы Баткен облусуна багытталган”,- деди Иманалиев.
Ошондой эле ал маселенин басымдуу бөлүгү каржы жагына такалып жатканын белгилеп өттү. “Жолдорду куруу, коопсуздук боюнча шарттарды түзүү, чек арадагы райондордун инфраструктурасын бекемдөө үчүн каражат керек болот”,- деди депутат.
Эске салсак, бүгүн, 25-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Баткен облусун реформалоо боюнча комиссиянын маалыматы жабык эшик артында каралды.