Казакстандын Атырау облусунда полиция 2021-жылы төрөлгөн баланын фонтанда каза болушунун чоо-жайын иликтеп жатканын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта 26-июль күнү баланын буту Айтеке би көчөсүндөгү фонтандын насосуна кирип кетип, натыйжада бала каза болгондугу айтылат.