Коңшу өзбекстандык дзюдочу Диера Келдиёрова Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында сенсациянын автору болду.
52 килограммга чейинки салмак ченинде 1/8 финалда Келдиёрова күтүүсүздөн Япониянын титулдук өкүлү, учурдагы Олимпиада чемпиону Ута Абени иппон менен жеңип алды. Өзбек атаандашына утулган япониялык спортчу шолоктоп ыйлады.
Ал эми Өзбек спортчусу бул сенсациянын арты менен чейрек финална чыкты.