Кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде жазган кыргызстандык 53 жаштагы акын Рахим Карим (Рахимжан Каримов) Орусиянын “2013-жылдын акыны” улуттук наамына талапкер болду. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда “Кыргызстандын жаңы адабияты” электрондук китепканасынын башкы редактору Олег Бондаренко билдирди.
Маалыматка ылайык, бул абройлуу адабият сыйлыгынын комиссиясы Рахим Каримге “2013-жылдын акыны” наамына талапкер болгондугу жөнүндө кат жөнөтүшкөн. Муну менен ал өз чыгармаларын альманахка басып чыгарганга укук алган.
Каримов Рахимжан Закирович – акын, жазуучу, котормочу, КРнын жазуучулар улуттук биримдигинин мүчөсү, Молдо Нияз атындагы республикалык адабият сыйлыгынын лауреаты. Ал «Зоопарк», «Камила», «Бадахшан бермети» сыяктуу бир нече китептердин автору.
Белгилей кетсек, сыйлоо аземи 2014-жылы 21-мартта Москвада адабиятчылардын борбордук үйүндө өткөрүлөт.