Бишкектин "Ала-Тоо" аянтындагы өлкөнүн башкы туусу үчүн бийиктиги 100 метр болгон жаңы флагштоктун тетиктерин орнотуу иштери аяктап жатат.
Мэриядан билдиргендей, ишти жүргүзүү үчүн жакынкы өлкөлөрдөн атайын техникалар алынып келинген.
Аталган иштер Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата жүргүзүлүп жатканы белгиледи.
Буга чейин эски 45 метрлик флагштокту жана ардактуу кароолдун кабинасын демонтаждоо иштери бүткөрүлгөн.
Белгилей кетсек, флагшток Түркиядагы ири заводдордун биринде жасалып, атайын жабдыктардын жардамы менен алынып келинген. Бул полимердик каптоо менен жогорку бекем цинктен.