Бишкек шаарынын район аралык соту "Кумтөр оперейтинг" компаниясынын өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартты. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, аталган мекеме 2013-жылдын 9-декабрында "Кумтөрдөн" экологияга зыян келтиргени үчүн деп компенсация талап кылып сотко кайрылган. Бирок "Кумтөр" буга каршылык билдирип, соттук териштирүүнү токтотууну өтүнгөн. Сот бул өтүнүчтү канааттандырбай койду.
Белгилей кетсек, аталган мекеме "Кумтөрдөн" 16 жыл үчүн 15 миллиард сом талап кылууда.
Соттун кийинки отуруму 20-январда болот.