Сууда сүзүп, велосипед тээп... Триатлиончу Алканов Англиядан Францияга чейинки жолду багындырганын айтты

Бүгүн, 29-июлда Enduroman Arch to Arch аталышындагы экстремалдуу жолду басып өткөн өлкөнүн Триатлон федерациясынын президенти Чыңгыз Алканов маалымат жыйын өткөрдү.

Ал Лондондун Мрамор аркасынан башталган жолдун 130 чакырымын чуркап, андан соң Ла-Манш кысыгы аркылуу Францияга 40 чакырым аралыкты сүзүп өткөнүн жана Париждин Триумф аркасына чейинки 300 чакырымды велосипед менен басып өткөнүн айтты.

Ошондой эле триатлиончу буга 1,5 жыл даярданганын билдирип, машыгууга атасынын көзү өтүп кеткенден кийин кайтып келүү оор болгонун белгиледи.

Алканов муну менен өлкө тарыхында дүйнөдөгү эң татаал жолду багындырган алгачкы кыргызстандык болуп калды. Ал эми дүйнө жүзү боюнча бул жолду басып өткөн 58-триатлончу болду. Спортчу дээрлик 500 чакырымды 98 саат 44 мүнөттө басып өткөн.

Буга чейин Эдуард Кубатов триатлончунун өткөн аптада жараткан ийгилиги тууралуу өзүнүн Facebook баракчасында маалымдаган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан