Германияда химиялык заводдогу жарылуудан 10дон ашык адам жаракат алды

Германиядагы ири BASF химиялык заводунда жарылуу болуп, 14 киши жаракат алды. Алар жеңил жаракат алышканын, ага карабай сактык үчүн ооруканага жеткирилгени дүйнөлүк басылмаларда жазылды.

Алдын ала маалыматтар боюнча ишканадагы жарылуу бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:43 чамасында катталган. Заводго ээлик кылган компаниянын өкүлдөрү жабыркагандар жеңил жаракат алып, өрт өчүрүлгөнүн айтышкан. Окуянын себептери такталып жатканы кабарланды.

Белгилей кетсек, BASF Европадагы жана дүйнөдөгү эң ири химиялык концерн болуп саналат. Анын штаб-квартирасы Германиянын Людвигсхафен шаарында жайгашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан