ӨКМ сел жүрүшү мүмкүн болгон аймактардын тизмесин жарыя кылды

Кыргызгидрмет билдиргендей, 30-июлдан 31-июлга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү ыктымал. Буга байланыштуу ӨКМ сел таш кулоо мүмкүн болгон аймактардын тизмесин жарыялады.
  • Баткен облусунун Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунда,
  • Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Аксы, Ала-Бука, Чаткал, Токтогул, Тогуз-Торо райондорунда,
  • Ош облусунун Ноокат, Алай, Чоң-Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн, Араван жана Кара-Суу райондорунда,
  • Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Түп жана Тоң райондорунда,
  • Чүй облусунун Жайыл, Москва, Сокулук, Аламүдүн, Ысык-Ата, Чүй жана Кемин райондорунда,
  • Нарын облусунун Жумгал, Ат-Башы, Ак-Талаа, Кочкор райондорунда,
  • Талас облусунун Кара-Буура, Бакай-Ата, Манас жана Талас райондорунун аймактарында сел жүрүшү жана унаа жолдордо таш кулоо процесстердин активдешүүсүнө алып келиши мүмкүн.
Ал эми өлкөнүн унаа жолдоруна кооптуу болгон сел жана таш кулоо участкаларында, айрыкча:
  • Бишкек-Ош унаа жолунун 285, 342-348, 358-362, 400, 411-426-чакырымдарында;
  • Ош-Сары-Таш-Иркештам унаа жолунун 64-65, 68-70, 78-80, 100, 106, 121-124, 133-чакырымдарында;
  • Бишкек-Балыкчы (Боом капчыгайы) унаа жолунун 112-128-чакырымдарында;
  • Балыкчы-Бөкөнбаев унаа жолунун 64-117-чакырымдарында;
  • Талды-Суу-Арал унаа жолунун 4-5-чакырымдарында;
  • Ош-Исфана унаа жолунун 64-78, 125-138, 149-190-чакырымдарында;
  • Мырзаке-Кара-Шоро унаа жолунун 18-28, 32-37, 44-56-чакырымдарында;
  • Кербен-Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 2-4, 12-13, 22-24-чакырымдарында сел жана таш кулоо процесстери активдешүүсү мүмкүн.
Министрлик жарандарды жана айдоочуларды этият болууга жана коопсуздук чараларын сактоого чакырат.
"Кырсыкка кабылганда "112" кызматына токтоосуз билдириңиз. Чалуу күнү-түнү кабыл алынат жана акысыз" деп билдиришти ӨКМден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан