
Бүгүн, 30-июлда орто кесиптик окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуунун 2-туру башталды.
Билим берүү жана илим министрлигинен билдиргендей, кабыл алуу 7-август саат 17:00гө чейин жүргүзүлөт.
Биринчи турда жалпысынан 33 миң 316 талон ( бюджет – 3758, контракт – 28 577) түшүп, анын ичинен 24 миң 642 абитуриент орто кесиптик окуу жайларга кабыл алынганы айтылат.
Абитуриенттерди кабыл алуу “Абитуриент онлайн” электрондук автоматташтырылган маалыматтык системасы
https://2020.edu.gov.kg/spuz/ аркылуу жүргүзүлөт.