Өкмөт жооп берет: Балдарга күбөлүк алуу менен автоматтык түрдө нике күбөлүгү чыгарылабы?

Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.

Суроо: - Эки балам бар, улуусу 3кө жакындап калды. Балдарым төрөлгөн кезде күйөөм экөөбүздүн тең паспортубуздун убактысы бүтүп калган эле. Ошондон улам туулгандыгын тастыктаган күбөлүк ала алган эмеспиз.  Учурда төрөт үйдөн берилген (республикалык төрөт үйү жана №2 төрөт үйдөн) маалым кат сакталуу. Мындан сырткары нике күбөлүгүн алган эмеспиз. Балдарга күбөлүк берилгенде, автоматтык түрдө нике күбөлүгү чыгарылат деген чынбы? Суроо калтырган Каныкей, Бишкек.

Жооп: - Кыргыз Республикасынын Жарандык абалдын актыларын каттоо (ЖААК) жөнүндө мыйзамынын 15-беренесине ылайык, мамлекеттик каттоо баланын туулган жери боюнча же ата-энесинин (ата-энесинин биринин) жашаган жериндеги жарандык абал актысын жазуу органы тарабынан жүргүзүлөт. 

Жашы бир жаштан ашкан балдардын туулгандыгын мамлекеттик каттоодон өткөрүп, туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу үчүн төмөнкү документтердин болушу зарыл: 

 -медициналык мекеменин белгиленген формадагы баланын туулгандыгы тууралуу маалым каты;

 -баланын ден соолугунун абалы тууралуу тийиштүү медициналык мекеменин маалым каты;

 -эгерде ата-энеси никеде турса, нике тууралуу күбөлүк;

 -ата-энесинин паспорттору. 

 Сиз балдарыңызга туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу үчүн жогоруда көрсөтүлгөн ЖААК бөлүмүнө, аталган документтер жана жолдошуңуз менен чогуу барып биргелешип арыз берүүңүз зарыл. Ал жерден аталыкты аныктап жана сиздердин арызыңыздардын негизинде никени да каттатып алсаңыздар болот.

Суроого КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Абдылдаева Рита жооп берди.

Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан