Парламенттеги айымдар Аялдардын мыйзам чыгаруу демилгеси альянсынын эксперттери менен жолугушту

Жогорку Кеңештин депутаттары Айнуру Алтыбаева («Ар-намыс»), Майрамкүл Тиленчиева («Ар-намыс»), Гүлнара Жамгырчиева (СДПК), Элмира Жумалиева («Республика»), Чолпон Султанбекова («Республика»), Майрамкан Кадырбекова («Ата Журт»), Наталья Никитенко («Ата Мекен») бүгүн, 25-декабрда Аялдардын мыйзам чыгаруу демилгеси альянсынын жана «Биом» экологиялык кыймылынын эксперттери менен жолугушту. Бул тууралуу  Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү таза сууга жана санитарияга жетүүнүн гендердик аспектилери, мамлекеттик бийлик органдарына аялдарды шайлоо системасын өркүндөтүү зарылдыгы, үй-бүлөдөгү зомбулукту болтурбоо чаралары тууралуу сөз кылды.

Эксперт Зулфия Кочкорбаеванын пикиринде, мыйзам чыгаруу органдарындагы аялдардын катышы ушул кезге чейин 30 пайызга жете элек. Ал мындай абал шайлануучу органдардагы ар кандай социалдык топтордун катышын камсыз кыла турган шайлоо механизмдерин өзгөртүп, атайын чараларды көрүү зарылдыгын айтты.

Жолугушуунун жүрүшүндө парламентчилер айтылган сунуштар боюнча парламенттик угууларды өткөрүү, аларды Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринде ар тараптуу талкуулоо зарылчылыгында токтолушту.

Депутат А.Алтыбаева жакында кыргыз парламентинде КРнын Өкмөтүнүн «Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндө» мыйзамдын аткарылышы тууралуу отчёту угуларын эске салды.  

Жолугушуунун соңунда тараптар социалдык көйгөйлөргө кеңири мониторинг жүргүзүү, мыйзамдардагы кемчиликтерди жоюу, аталган маселелерди парламент менен өкмөт деңгээлинде кароого макулдашышты.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан