Бишкектеги Комсомол көлүндө сууга түшүү сезону жана Кара-Жыгач токоюндагы эс алуу аймагынын ачылышы болду. Бул тууралуу бүгүн, 30-июлда калаа мэриясы билдирип, сүрөттөр менен бөлүштү.
Маалыматта айтылгандай, иш-чарада асфальтка сүрөт тартуу боюнча мастер-класстар уюштурулуп, концерттик программа даярдалган.
Ошондой эле сынактар, викторина жана оюн-зоок программасы тартууланды. Мындан тышкары спорттук мелдештер (стол тенниси, футбол, пионербол, балдар үчүн жеңил атлетика, эстафета, аркан тартыш, таяк тартыш) өткөрүлдү.
Токойдун аймагында батут жана фудкорт аянтчалары орнотулду.